Көрбөгөн азабы калбоо, азап-тозокту, далай кордукту, кыйынчылыкты башынан өткөрүү. Серек өмүрүн асырайм менен улам бир чоочун айылды маанектеп жүрүп, көрбөгөнү көр болду (Осмоналиев). Каныбектин көрбөгөнү көр болуп төшөктө жатат (Жантөшев).
Көрбөгөн азабы калбоо, азап-тозокту, далай кордукту, кыйынчылыкты башынан өткөрүү. Серек өмүрүн асырайм менен улам бир чоочун айылды маанектеп жүрүп, көрбөгөнү көр болду (Осмоналиев). Каныбектин көрбөгөнү көр болуп төшөктө жатат (Жантөшев). В.: Көрбөгөндү көрүү. Хан агамдын куну үчүн, Көрбөгөндү көрсөм бейм («Семетей»). Анысынан да жазгы, күзгү жаанда моминтип темселешип, көрбөгөндү көрүшөт (Эралиев). Жетимчиликтин айынан көрбөгөндү көрдүм, – деп, бала улутунуп койду («Ала-Тоо»). Көрбөгөн күнүн көр кылуу. Ошондой бир жолкуда Эдигейдин көрбөгөн күнүн көр кылды го бу оңбогон Каранар (Айтматов).